Координатор Сатылканов: медайымдар өзү кароолчу, өзү от жаккыч болуп иштеп жатат

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРабота центра врачей общей врачебной практики села Париж Нагайбакского района Челябинской области
Работа центра врачей общей врачебной практики села Париж Нагайбакского района Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдө ден соолук боюнча иштеген 171 айылдык комитетке 1 700 адам тартылган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Учурда Ысык-Көл облусу боюнча 135 дарыгер жетишпейт, ал эми аймактагы көп ФАПтарда медайым өзү кароолчу, өзү от жаккыч болуп иштеп келет. Бул туурасында саламаттык сактоонун аталган дубан боюнча координатору Эсенбек Сатылканов билдиргенин аталган министрликтен билдиришти.

Бул маалыматтарды Сатылканов Каракол шаарында Саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн 2013-жылга чейинки программасы талкууланып жаткан учурда айткан.

"Учурда бизге 135 дарыгер жетишпейт, буга себеп кадрлардын сыртка кетип жатышы болууда. Жакшы жактар, маселен, Түп районунда медиктерге жергиликтүү бийлик жатакана куруп берген учурлар кездешүүдө. Азыр жогорку категориядагы дарыгердин айлыгы 6 788 сом, медайымдыкы андан да аз, 3 900 сом", — деген координатор Сатылканов.

Анын айтымында, аймакта ден соолук боюнча иштеген 171 айылдык комитетке 1 700 адам тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0