Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлери тажрыйба алмашат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Өзбекстандын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Өзбекстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн ортосунда мындай иш-чара алгачкы жолу уюштурулууда

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ташкентте кыргызстандык жана өзбекстандык ишкерлердин катышуусунда бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-6-октябрга белгиленген "Өзбекстан — Кыргызстан 2017" аталышындагы эл аралык иш-чара алгачкы жолу уюштурулууда. Эки өлкөнүн ишкерлери туризм, айыл чарба, курулуш, жеңил өнөр жай жана тоо-кен боюнча көргөзмөлөргө күбө болот.

Бизнесмендер кызматташуу максатында жаңы өнөктөштөр менен келишим түзүп, келечектеги аракеттерин талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0