"Кыргызтелеком" Тажикстандагы интернеттин сапатын жакшыртат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание ОАО Кыргызтелеком в Бишкеке
Здание ОАО Кыргызтелеком в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш иштери быйыл аяктап, ал Тажикстандагы интернеттин ылдамдыгын жана сапатын жакшыртат

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ош облусунун Карамык айылында Тажикстан менен чектешкен аймакта эл аралык түйүн курулуп жатканын "Кыргызтелеком" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Аталган түйүн "Тажиктелеком" компаниясы менен бириктирилет.

Курулушту баштоого коңшу мамлекетте эл аралык интернет-трафигин колдонуу талабынын көбөйүшү себеп болгон. Ошондой эле кыргызстандык компаниянын кызмат көрсөтүү сапатын арттыруу максатында ишке ашырылууда.

Бул түйүн эгер "Кыргызтелекомдун" башка тармактарында авария болсо резервдик байланыш катары кызмат кылат. Андан сырткары, киреше бөлүгүн арттырып, тажик операторлорунун интернетке кошулуу ылдамдыгын жакшыртат.

Чек арадагы аталган түйүндү "Кыргызтелеком" ААКы өз каражатына куруп, аны ушул жылдын төртүнчү кварталынын аягында бүткөрүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0