Кулов: бензин кымбаттады, дизель майы менен газдын баасы да жогорулайт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда сезондук оңдоо иштеринен улам заводдордо мунай затын кайра иштетүү кыскарган

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Узаган дем алыш күндөрү күйүүчү майлоочу каражаттарга болгон баа жогорулаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Улан Кулов билдирди.

© Фото / Гульназ ДжумабековаНефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Улан Кулов
Исполнительный директор Ассоциации нефтетрейдеров КР Улан Кулов - Sputnik Кыргызстан
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Улан Кулов

Анын айтымына караганда, Россиянын айрым мунай затты кайра иштетүүчү заводдорунда сезондук оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан өндүрүлгөн күйүүчү заттын көлөмү кыйла азайып кеткен. Мындай көрүнүш баалардын өсүшүнө алып келди.

Газпром корпорациясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин: "Газпром" ишканасы Кыргызстандын энергетикасына 100 млрд. рубль жумшайт
Натыйжада бензиндин Аи-95 үлгүсү 0,3 сомго кымбаттаган (1 литри 41,5 сом). 0,4 сомго Аи-92 үлгүсүндөгү бензин (литри 39 сом) менен дизель майы (37 сом) өскөн. Автогаз 0,5 сомго жогорулап, литри 21,1 сом болду. Бул "Газпром нефть Азия" компаниясынан алынган маалыматтар экенин жана башка түйүндөрдө деле баалар ушундай экендигин ассоциациянын өкүлү билдирди.

Куловдун айтымында, сентябрдын акырына чейин күйүүчү майдын баасы дагы 1 сомго жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0