04:45 18 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Газпром корпорациясынын логотиби. Архив

Путин: "Газпром" ишканасы Кыргызстандын энергетикасына 100 млрд. рубль жумшайт

© Sputnik / Максим Блинов
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
164 0 0

Эки өлкө ортосундагы өнүгүү багыты бир калыпта улана турган болсо, "Газпром" ишканасы Кыргызстанды 27 пайыздан 60 пайызга чейин газ менен камсыздай алат.

БИШКЕК, 16-cен. — Sputnik. "Газпром" корпорациясы жакынкы жылдары Кыргызстандын энергетикасына 100 миллиард рубль салат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирди.

Эскерте кетсек, Сочиде орус лидери кыргыз журналисти Сыягүл Караманга интервью берген. Анда Путин кыргыз-орус мамилелери жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин жасап жаткан иштери тууралуу ой бөлүшкөн.

"Газпромдун" энергетиканы өнүктүрүү боюнча чоң пландары бар. Эгер биз Кыргызстандын президенти менен сүйлөшкөн келишимдерди ишке ашырсак, жакынкы аралыкта "Газпром" Кыргызстанды 60 пайызга чейин газ менен камсыз кыла алат", — деди Путин.

Ал эми 29-августта Бишкекте "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер 2030-жылга чейин өлкөнү газ менен камсыз кылуу боюнча бардык милдеттер аткарыла турганын билдирген. Анын айтымында, учурда газдаштыруунун деңгээли өлкөдө 27 пайызды түзөт.

Тема боюнча

Атамбаев газ тууралуу: эми Кыргызстан эч кимге жалдырабай калды
Бишкек менен Чүйдүн газ берилген жана бериле турган көчө-конуштары. Карта
Белгилер:
газ, энергетика, Владимир Путин, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ