Атамбаев энергохолдинг төрагасы Калиев менен кышка даярдыкты талкуулады

Жазылуу
Анда өлкөнүн энергетика тармагын бекемдөөгө багытталган аракеттер жөнүндө сөз болду

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевге Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев энергетика системасындагы аракеттер жана жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Река Нарын в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Камбар-Ата-1 ГЭСинен Өзбекстан эмне пайда көрөт?
Анда Атамбаев менен Калиев энергетика тармагын бекемдөөгө багытталган иштерди талкуулады. Ошондой эле Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерине токтолуп, станциянын кубаттуулугу 240 Мегаваттка жетип, эксплуатация мөөнөтү узартылгандыгын белгиленди.

Андан сырткары, мамлекет башчы кышкы-күзгү жылуулук берүү мезгилине өз убагында аракет кылып, жоопкерчилик менен даярдануу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0