Эксперт: Кыргызстанда айрым товарлар кымбатташы мүмкүн

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүУнаага бензин куюп жаткан адам. Архив
Унаага бензин куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда күйүүчү жана майлоочу май кымбатташы ыктымал. Анын таасири Кыргызстанга кандай таасир бериши мүмкүндүгүн Sputnik агенттиги билип көрдү.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Казакстанда быйыл күздө күйүүчү-майлоочу май кымбатташы мүмкүн экенин Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашылчалар эмнеге кымбаттап жатат? Дыйкан жана адистердин пикири
Аталган маалымат булагы нефть жана газ тармагындагы эксперт, экономист Сергей Смирновдун божомолдоруна таянган. Кымбаттоонун себеби бир топ. Эң негизгилеринин катарында жыйым-терим, элдин эс алуудан кайтышы, инфляция бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жергиликтүү эксперттерге кайрылып, мындай өзгөрүүлөр Кыргызстанга кандай таасир бериши мүмкүндүгүн билип көрдү.

Бензин менен ишке таасир бербейт

Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы Казакстандан көз каранды эместигин КР нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

"Биз майды бир гана Россиядан алабыз. Андыктан биздеги баалар Россиядан көз каранды. Сентябрга карата РФтеги баалар туруктуу", — деди Кулов.

Ал эми экономист Жумакадыр Акенеев Казакстанда бензиндин кымбатташы кыргызстандыктарга кыйыр түрдө таасир берерин айтты.

"Бензиндин баасынан көз каранды болгон товарлардын наркына таасир берет. Ал буудай, ун, ун азыктар, өсүмдүк майы жана башка продуктулар", — деди Акенеев.

Ал ошондой эле чекене сатыктагы товарлардын баасы бир пайыздан ашык кымбаттабай турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0