БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында Нарында жайгашкан "Солтон-Сары" кенинде 21,08 килограмм алтын казылды. Биринчи жарым жылдыкта 17 килограмм 40 грамм алтын казылат деп пландалганын "Кыргызалтын" ААКтын маалымат кызматы билдирди.
Алтын казуу болжонгондон 20,7 пайызга ашыгы менен аткарылган. Аталган кенде алтын казуунун көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 234,1 пайызга өскөн.
Ошондой эле жыл башынан бери кенде жер кыртышын ачуу иштери да көбөйгөн, ошол эле учурда кен казуу дагы уланууда.
Андан сырткары июнь айынын аягында кенди майдалоочу фабрикада экинчи линия ишке берилген, ал өз кезегинде айына 6 килограмм көп алтын казууга мүмкүнчүлүк берет.
Учурда кенде 157 киши иштеп, алардын орточо айлыгы 21 миң сомду түзөт.
Кен Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында орун алып, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан.