"Солтон-Сары" кенинде алтын көп казыла баштады

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАлтын казуу. Архив
Алтын казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызалтын" ишканасы Нарындагы алтын кенинде болуп жаткан жылыштар тууралуу маалымдады

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында Нарында жайгашкан "Солтон-Сары" кенинде 21,08 килограмм алтын казылды. Биринчи жарым жылдыкта 17 килограмм 40 грамм алтын казылат деп пландалганын "Кыргызалтын" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Исаков Кумтөр качан жабыларын жана кандай шарттар коюлганын айтты
Алтын казуу болжонгондон 20,7 пайызга ашыгы менен аткарылган. Аталган кенде алтын казуунун көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 234,1 пайызга өскөн.

Ошондой эле жыл башынан бери кенде жер кыртышын ачуу иштери да көбөйгөн, ошол эле учурда кен казуу дагы уланууда.

Андан сырткары июнь айынын аягында кенди майдалоочу фабрикада экинчи линия ишке берилген, ал өз кезегинде айына 6 килограмм көп алтын казууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда кенде 157 киши иштеп, алардын орточо айлыгы 21 миң сомду түзөт.

Кен Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында орун алып, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0