Кыргызстанда Fit менен Lexus баасы теңелеби? Келерки жылга унаа баасынын божомолу

© AFP / PAUL CROCKАвтомобильный завод Toyota в Мельбурне
Автомобильный завод Toyota в Мельбурне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн башкы унаа базарында эмне өзгөрүү бар? Ошондой эле эмнеге Lexus жакын арада Honda Fit унаасынын баасына барабар болуп калышы ыктымал? Булар туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотова билип келди.

Кыргызстанда автоунаа кымбаттай турганы боюнча макаладан соң көпчүлүк чочулай түштү. Айрыкча акча топтогон, топтоп келаткан жана унаа сатып алууга атайын акча чогулткандар кооптонду.

Ошол себептен өлкөнүн эң ири унаа базарына бет алдык. Ал жерге жетүүнүн бир нече жолу бар: менчик унаа менен барууга болот, такси жалдай аласыз (бирок буга чынында бир килограмм уй этинин баасына барабар каражат сарптайсыз). Ошондой эле №258, 223, 238, 344 жана 223 багытындагы маршруттук таксилер да сизди базарга алпарат. Мен ал жайдан 20 мүнөттүк аралыкта жашагандыктан узак жолду баспадым. 

Кеп кезеги келгенде кошумчалай кетели, базар белгиленген чегинен 500-800 метрге, ал эми жол боюндагы атайын бөлүнгөн тилкеде коюлган унаалар трассага чейин чыгып кеткен.

Производство автомобилей корейских марок на предприятии Автотор - Sputnik Кыргызстан
Автоунааңызга канча салык төлөшүңүз керек. Калькулятор
Автоунаалар мындай жерде сыртынан жакшы көрүнбөйт, бирок кымбат турат. Маселен 2003-жылкы Тoyota camry 9 миң долларга сатылат. Базардын жазылбаган мыйзамына ылайык, аягына чейин кыдырып чыккан адамга гана ал жактан арзан табылга чыгат.

Базарда атайын тротуар жоктугунан улам чаң баскан жээги менен жүрүп отурасыз. "РИОМ" базары тегин жерден Кыргызстандагы автомобилдик эң ири рынок аталбайт экен. Өз аянтчасына 10 миң машинаны батыра алат, айланасында сатылгандарды кошо эсептегенде 11 миңге чыгат.

Базардын ар бир бөлүгүндө белгилүү бир автолор сатыкка коюлат: башында россиялык, ортосунда европалык сындуу унаалар, аягында оң рулдуу япониялык машиналар турат. 

© Sputnik / Светалана ФедотоваАвтомобиль ВАЗ на авторынке "РИОМ Авто"
Автомобиль ВАЗ на авторынке РИОМ Авто - Sputnik Кыргызстан
Автомобиль ВАЗ на авторынке "РИОМ Авто"

Базардан эң арзан тапканым – 2005-жылкы ВАЗ (ЛАДА) болду, баасы 125 миң сом. Эгер дароо акчасын санап бере турган болсом, 110 миңге да берерин убада кылды. Ушул эле жерде бир топ айдалып, шайы оогон "девяткалар" да ушундай эле баада.

— Бул катардагы машиналар анча көп өтө бербейт, бирок алгандар да жок эмес. Алар базар баасы боюнча арзан, ремонтуна да көп сарпталбайт.

Андан арыда сатылган чет элдик унаалардын эң арзанын аныктоо абдан кыйын. Баары кардардын соодалашуу жөндөмүнө жана автомобилдин абалына жараша. Бирок сатуучулардын бири колдонулган автонун арзаны орточо 4 миң доллар турарын айтып берди.

— Бул жерде машиналарды сатыкка даярдашат, зарылдык болсо аздыр-көптүр оңдоп-түзөшөт. Кеминде бир жыл эч көйгөйсүз жүрүшү үчүн кыймылдаткычын тазалашат.
— Адатта жазында машиналар арзандайт эмеспи, канчага чейин түшөт?
— Азыркы тапта рынок туруктуу болбогондуктан, чет элдик унаалар арзандай турганын божомолдоо мүмкүн эмес. Албетте атаандаштыкты жараткан баада арбын унаа алып келинсе, арзандашы ыктымал. Анда азыркыдан 1,5-2 миңге арзан машина сатып алууга болот.

Авторынки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кырдаал курчугунда Генштаб суроо-сопкутсуз алып коюшу мүмкүн болгон унаалар. Тизме
Кара түстөгү Range Rover унаасынын жанынан кыя өтүп кете албадым… Аны кожоюну 12 миң долларга сатыкка койгон. 2005-жылкы келишимдүү унаа Бишкекке Италиядан 25 миң долларга алып келинген. Ыкчам сатуу үчүн эки эсе арзан баада коюлган.

Ошол эле катардагы 2005-жылкы Subaru Forester 5,5 миң долларга чыккан. Жазында эле дал ушундай унаанын баасы 4 миң 800 америкалык акча эле.

— Дайым эле ушундай, жазында 200-500 долларга чейин төмөн баада болот. Мындай көрүнүш кыргызстандык сатып алуучулардын капчыгына гана негизделген. Күзүндө түшүм жыйналат, элдин колуна акча тиет. Андан улам баа да көтөрүлөт. 

© Sputnik / Акылбек БатырбековАвторынок "Риом авто"
Авторынок Риом авто - Sputnik Кыргызстан
Авторынок "Риом авто"

Буга кара түстүү, 2007-жылкы BMW X5 машинасынын баасы далил – 17 000 доллар. Сатуучунун айтымында, март айында эле 12 миң долларга бааланып турганда эч ким сатып алган эмес. Ал эми азыр алып-сатуу келишими макулдашуу деңгээлинде турат.

Кыргызстандыктар сүйгөн Lexus GX 470 унаасынын 2006-жылкысынын баасы мурдагы калыбында. Жакшы абалдагысы азыр 22-26 миң доллар турса, 2016-жылдын май айында эле ал $ 25 000 турган.

2018-жылдын жаз маалына карата унаанын арзандашына базардын бир дагы агенти кепилдик берген жок.

Оң рулдуу автолордун сатуучусу япон унааларынын баасы дагы өсө берерин айтат. Ал 2018-жылдын апрелинде кичинекей Honda Fit 5-6 миң доллардын тегерегинде болорун божомолдойт.

— Мындай үлгүдөгү унаалардын артыкчылыгы арбын: үнөмдүү, ремонту жана жабдыктары арзан.

Строительство дома из железных контейнеров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Темир үйдө жашагың келеби? Контейнерден там куруу Кыргызстанда канча турат
Сатуучунун андан аркы айтканы да жөндүү – оң рулдуу машиналар Кыргызстанга эки жылдан бери киргизиле элек.

"Лексустарга кызыгуу басаңдап калды, жакында алар менен фиттердин баасы бирдей болуп калышы да ыктымал. Эл да азыр үнөмдүүлүк маанилүү экенин түшүнүп калды, ортоңку звенодогу таксисттердин баары ушул үлгүдөгү унааларга өттү", — деп түшүндүрөт сатуучу.

Сырттан тынымсыз ташылып жатканда алардын баасы текейден арзан болчу. Сатуучу бир-эки жылда ташылып келген машиналардын бир бөлүгү таштандыга ташталганын, ал эми жүрүп тургандары, салыштырмалуу жакшы абалдагылары азыр 2,5-4,5 миң долларга чейин өскөндүгүн кошумчалады.

Бишкекте эмнеге 5 миң доллардан арзан унаа калбай турганы боюнча Sputnik Кыргызстандын макаласынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0