12:16 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек

Реконструкциядан кийин Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугу 1,5 эсеге өстү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
177 0 0

Модернизациялоо аракеттери 2013-жылы жай айында башталып, долбоордун баасы 386 миллион долларды түзгөн

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев реконструкциядан өткөн Бишкектин жылуулук тармагынын расмий ачылышына катышты. 

© Sputnik / Эмиль Садыров , пресс-служба президента КР
Реконструкциядан кийин Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугу 1,5 эсеге өстү

Өлкө башчы жаңыланган объектинин иш процесстери менен таанышып чыгып, кытайлык TBEA комапаниясына жана ТЭЦтин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

  • Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек
    Президент Алмазбек Атамбаев реконструкциядан өткөн Бишкектин жылуулук тармагынын расмий ачылышына катышты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек
    Өлкө башчы жаңыланган объектинин иш процесстери менен таанышып чыгып, кытайлык TBEA комапаниясына жана ТЭЦтин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек
    Модернизациялоо аракеттери 2013-жылы жай айында башталып, долбоордун баасы 386 миллион долларды түзгөн.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек
    "ТВЕА" кытай компаниясынын адистери эски түтүктөрдү алмаштырып, эки меш жана 150 мегаваттык турбоагрегаттарды орноткон.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек
    Мындан ары мештерге кыргыз көмүрү жагыла баштайт. Ал эми ТЭЦ 812 мегаватт электр энергия иштеп чыгарат. Буга чейин ал 512 мегаватт электр энергиясын чыгарып келген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Алмазбек Атамбаев реконструкциядан өткөн Бишкектин жылуулук тармагынын расмий ачылышына катышты.

"Айрымдар ТЭЦтин реконструкциясы үчүн насыя албаш керек деп чыгышкан. Муну акылсыздар жана бирөөнүн тапшырмасын аткаргандар айтышкан. Алар мындан башка энергетикалык долбоорлорго да ушундай сөздөрдү айтышат. Эгер Датка — Кемин электр линиясы болбогондо бул жакка кайсы инвестор келмек эле? Инвесторлорго электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү маанилүү", — деди президент.

Модернизациялоо аракеттери 2013-жылы жай айында башталып, долбоордун баасы 386 миллион долларды түзгөн. "ТВЕА" кытай компаниясынын адистери эски түтүктөрдү алмаштырып, эки меш жана 150 мегаваттык турбоагрегаттарды орноткон.

Мындан ары мештерге кыргыз көмүрү жагыла баштайт. Ал эми ТЭЦ 812 мегаватт электр энергия иштеп чыгарат. Буга чейин ал 512 мегаватт электр энергиясын чыгарып келген.

Тема боюнча

Казакстан Өзбекстандан газды Кыргызстан аркылуу алат
Атамбаев: Кыргызстан мындан ары керек болсо башка мамлекеттин жарыгын өчүрө алат
Белгилер:
реконструкция, ТЭЦ, Алмазбек Атамбаев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ