Непалдагы жападан жалгыз миллиардер КР ишкерлерине кеп-кеңеш берди

© AFP / PRAKASH MATHEMAНепалдык ишкер, миллиардер Бинод Чоудхари. Архив
Непалдык ишкер, миллиардер Бинод Чоудхари. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнесмен туризмди өнүктүрүү боюнча оюн айтты

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстанга туристтердин агылып келиши үчүн экотуризимди өнүктүрүү боюнча стратегия иштеп чыгуу керек. Бул тууралуу Кыргызстанда өтүп жаткан ак илбирстерди сактоо боюнча эл аралык саммитке келген непалдык миллиардер Бинод Чоудхари айтты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Астана шаарында Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуу уручунда - Sputnik Кыргызстан
Медведев: Кыргызстан менен товар алмашуунун көлөмү көбөйдү
Эскерте кетсек, кечээ башталган форум бүгүн аяктайт. Ага ак илбирс байырлаган 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын максаттарынын бири жапайы жаныбарды сактап калуу көйгөйүнө инвестиция тартуу болуп саналат.

Саммиттин ардактуу конокторунун бири Непалдагы жападан жалгыз миллиардер Бинод Чоудхари болду. Ишкер жашыл экономиканы өнүктүрүү жаатында Кыргызстандын делегациясына бирин-экин кеңеш берди.

"Аталган тармакты өнүктүрүүгө басым жасоо сөзсүз өз жемишин берет. Бирок бул үчүн инвестиция салып коюу жетишсиз, адамдык ресурс зарыл, жергиликтүү эл аны өнүктүрүүгө кызыкдар болушу кажет. Дал ушул жеке сектор жашыл экономиканын пайдубалын түзүүдө түркүк болуп бере алат. Туристтердин агылып келиши үчүн ушул тармактын ыраатка салынган системасын иштеп чыгуу керек. Буга коомчулук тартылышы зарыл", — деди миллиардер.

Ишкер өз сөзүндө Непалды мисал келтирип, жеке бизнести тартуу менен гана экотуризмди өнүктүрүү мүмкүн экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0