Исаков Кумтөр качан жабыларын жана кандай шарттар коюлганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЗолоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области
Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар Исаков өлкөдө ири кенди иштеткендер менен болгон мамиле тууралуу маалымат берди

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өкмөт башчылыкка талапкер Сапар Исаков Кумтөр алтын кени жөнүндөгү суроого жооп берди.

Анын айтымында, келишимге ылайык кен дагы сегиз жылдай иштеп андан кийин жабылат.

"Сүйлөшүү болгону менен максатка жете элекпиз. Турмуш ушундай экен. Анын ичинде экологиялык маселелерди да чечүү керек. Инвесторлорго 310 миллионду төлөө талабын коёбуз", — деген Исаков сөз сом же доллар тууралуу экенин тактаган жок.

Ал ошондой эле инвесторлордун социалдык жоопкерчилигин жогорулатып, рекультивациялык фондду жогорулатуу керектигин баса белгиледи.

Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясынын 33 пайызына ээлик кылат. Кумтөр кенинен 1996-жылдан тарта алтын казыла баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0