Япониядан келген бизнес адамдары кыргызстандык ишкерлер менен жолугат

Жазылуу
Күн чыгыш өлкөсүнөн келген делегация 10 компаниянын өкүлдөрүнөн турат

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстанга директорлор менен менеджерлерден турган Япониянын соода өнөр жай палатасынын өкүлдөрү келип, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугат. Бул туурасында JICA уюмунан кабарлашты.

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун логотиби тартылган блокнот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан кантип насыя алууга болот? Жол-жобосу
Бишкекке биринчи жолу келип жаткан япониялык бул делегациянын курамында күн чыгыш өлкөсүнүн 10 компаниясынын өкүлдөрү келет. Алар автотетиктер, баалуу кагаздар, курулуш-инженердик, долбоорлоо, балчылык, кыймылсыз мүлктү соодалоо, айлана-чөйрөнү иликтөө, бизнес-консалтинг, консалтинг багытында иш алып барган тараптар.

Маалыматта аталган палатага чаканынан тарта орточо корпорацияларда иштеген 1, 26 миллион адам мүчө экендиги айтылат.

Жолугушуу 28-августта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0