Медведев: Кыргызстан менен товар алмашуунун көлөмү көбөйдү

© Пресс-служба правительства РФ / Медиабанкка өтүүӨкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Астана шаарында Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуу уручунда
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Астана шаарында Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуу уручунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия премьер-министри товар алмашуу Кыргызстанда өндүрүлгөн жаңы продукциялардын арты менен көбөйгөндүгүнө токтолду.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Астана шаарында Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчылардын жолугушуусу Казакстанда өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында болду.

Москва шаарындагы кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы 16 миң кыргызстандык мигрант "кара тизмеден" чыгарылышы мүмкүн
"Мигранттарга улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөсүнө уруксат берүүңүздөр эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга багытталды. Учурдагы жакшы жагдайды эске алуу менен, эки өлкөнүн товар айлантуусунун көлөмүн көбөйтүүбүз керек", — деди Жээнбеков.

Жолугушууда Медведев эки тараптуу мамилелер маанилүү экендигине токтолду.

"Акыркы убактарда Кыргызстанда өндүрүлгөн жаңы продукциялардын арты менен эки тараптуу товар алмашуунун көлөмү көбөйдү. Бул көңүл жакшы жагдайды сактап, өнүктүрүшүбүз керек", — деди Медведев.

Эске сала кетсек, ушул күндөрү Астана шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0