Кыргызстан тажик фирмаларынан интернет үчүн карызын сот аркылуу алууга камынууда

© AFP / DAMIEN MEYER Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции
Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажистандык эки байланыш оператору Кыргызстанга интернет үчүн 1,3 миллион доллардан көбүрөөк акча бересе

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ААКсы Мамлекеттик мүлк фондусунан тажикстандык байланыш операторлорунун интернет үчүн карызы боюнча суроону өкмөттүн талкуусуна коюуну суранды. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Нурлан Мадаминов билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстандын "Телеком Технолоджи" жана "Сатурн-Онлайн" операторлору арбитраждык соттун чечимине карабай, көптөн бери "Кыргызтелекомдун" алдындагы карызынан кутулбай келет.

"Ошондуктан "Кыргызтелеком" кыргыз өкмөтүнөн Тажикстандын министрлер кабинети менен бул маселени чечип берүүсүн суранып жатат. "Сатурн Онлайн" интернет үчүн 662,6 миң доллар, "Телеком Технолоджи" 687 миң доллар бересе", — деди Мадаминов.

Ал кошумчалагандай, "Кыргызтелеком" Эл аралык арбитраждык сотко арыз берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0