Кыргызстандын валюталык резерви 2,5 миллиард доллардан ашты

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSСлитки золота
Слитки золота - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын жана ондон ашык валютадан турган резервдин максаты — сомдун курсун кармап туруу

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Июль айынын аягына алынган маалымат боюнча Кыргызстандын эл аралык валюталык резерви 2 миллиард 61,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.

Кыргызская валюта. - Sputnik Кыргызстан
Элдин колундагы акчанын көлөмү 27 млрд. сомго көбөйдү
Буга чейин 30-июндун аягына алынган маалыматта резерв 2 миллиард 29 миллион долларды түзгөн.

Улуттук банктын ачык маалыматтарына ылайык, азыркы көрсөткүч 2014-жылдын сентябрынан берки эң жогорку көрсөткүч. Анда валюталык резерв 2 миллиард 123 миллион 30 миң долларды түзгөн.

Кыргызстандын эл аралык валюталык резерви ондон ашык валютадан жана алтындан турат. Бул каражат эл аралык Эсептөөлөрдө жана төлөмдөрдө колдонулат. Ошондой эле улуттук валютанын кунун кармап турууда керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0