Августка карата газдын баасы арзандады

© Фото / Alexander ChechetkinГаз
Газ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр оттун наркы Улуттук банк тарабынан ар бир айдын башына карата түзүлгөн доллардын курсуна байланыштуу белгиленет

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Август айында жаратылыш газынын 1 куб метри 14,39 сомго бааланганы тууралуу "Газром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 17 күнгө газ өчөт. Тизме
Бул өткөн айдагыдагыга караганда 9 тыйынга арзан экенин түшүндүрөт.

Өдүрүш, бюджеттик ишканалар жана коммерциялык түзүмдөр үчүн 1 куб метр көгүлтүр оттун салыктарды кошкондогу баасы 17,64 сом. Июнда ишканалар үчүн газдын баасы 17,52 сомго жеткен.

Талапка ылайык, көгүлтүр оттун наркы Улуттук банк тарабынан ар бир айдын башына карата түзүлгөн доллардын курсуна байланыштуу белгиленет.

Доллардын 1-августка карата расмий наркы 68,65 сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0