21:18 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Сүт. Архивдик сүрөт

ЕАЭБдин ичинде Кыргызстандын сүт азыктарына суроо-талап күчөдү

© Sputnik / Александр Кондратюк
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
191 0 0

Сүт азыктарынын экспорту акыркы бир жыл ичинде 30 пайызга жогорулады

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары Евразия экономикалык бирикмесинин (ЕАЭБ) рыногунда жогору бааланууда. Бул тууралуу Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун кеңешчиси Төлөнбек Ырсалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн жыйында билдирди. 

Советник директора Госинспекции по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Толонбек Ырсалиев на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Мамлекеттик инспекциясынын директорунун кеңешчиси Төлөнбек Ырсалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн жыйында

12-август күнү өлкөдө ар кайсы азыктардын сапатын жогорулатууну талап кылган ЕАЭБдин 18 регламенти күчүнө кирет.

Ырсалиевдин айтымында, алгачкы 16 регламент былтыркы жылдын февраль айында эле иштей баштаган. Ошондон бери сүт азыктарынын экспорту 30 пайызга өскөн.

Ал эми Экономика министрлигинин техникалык көзөмөл жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматовдун маалыматына караганда, Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттеринин рыногунда көбүрөөк соода кыла баштады.

"Экспорттун саны өсүп жатат. Демек биздин азык-түлүктөр өнөктөштөрдүн базарларына кетүүдө. Мунун өзү Кыргызстан талапка жооп берген продукция даярдай баштады дегенди билдирет. Жылыш катары бааласак болот", — деди Ахматов.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБ рыногуна өз продукциясын киргизүүгө уруксат алган ишканалардын саны 28ге жетти. Былтыр ушул убакта алардын саны 16 гана болчу.

Жакынкы арада бул тизмени дагы сегиз компания толуктаары күтүлүүдө.

Тема боюнча

Молдова менен Тажикстан ЕАЭБге кошулгусу келет
Белгилер:
экспорт, Сүт, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ