Элдин колундагы акчанын көлөмү 27 млрд. сомго көбөйдү

Жазылуу
Мындан эки жыл мурда колдонуудагы акча 56 миллиард сомду түзгөн

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Акыркы эки жылдын ичинде кыргызстандыктардын колундагы акчанын көлөмү 1,5 эсеге көбөйгөнү Улуттук банктын маалыматында айтылды.

Кара каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Талапкерлердин шайлоо фондуларына канча акча түшүп, канчасы короду
Колдонуудагы акча — бул насыя берүүчү уюмдардын кассасындагы калдык акчанын эсебин кошкондо элдин колундагы каражат болуп саналат.

2015-жылдын 1-июлуна карата пайдалануудагы акчанын көлөмү 55 миллиард 939,9 миллион сом болчу. Бир жылдан кийин аталган каражаттын көлөмү бир миллиард сомго көбөйгөн. Ал эми быйылкы жылдын 1-июлуна карата бул сумма 82 миллиард 892,7 миллион сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0