Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан кантип насыя алууга болот? Жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун логотиби тартылган блокнот. Архив
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун логотиби тартылган блокнот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан (КРӨФ) насыя алууга кандай документтер талап кылынат, негизинен, кайсы долбоорлорго артыкчылык берилет, бул боюнча Sputnik Кыргызстандын материалынан таанышыңыздар.

Кандай гана экономика болбосун, арзан насыяларга муктаж. Анын арты менен ишкерлер өз өндүрүшүн кеңейте алышат. КРӨФ 500 миллион доллар уставдык капиталга ээ, андан 200 миллиондон ашыгы ушул тапта берилди.

Урунттуу суроолорго Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жооп берди.

КРӨФ деген эмне?

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду 2014-жылы ноябрда өкмөттөр аралык келишим менен түптөлгөн. Өз алдынча эл аралык ишкана болуп саналат. Фонддун кеңешине эки өлкөнүн тең өкмөттөрүнөн өкүлдөр кирген.

КРӨФ кандай максаттарды көздөйт?

Фонддун максаты — евразиялык экономикалык интеграция шартында Кыргызстандын экономикасын заманга бапташтыруу жана өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын экономикалык кызматташтыгын арттыруу.

Каражат алуунун шарттары жана эң жогорку сумма кандай?

Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт ипотекалык насыя алуунун шартын жеңилдетүүгө ниеттенип жатат
Фонд эки негизги жол сунуштайт: түз жана коммерциялык банктар аркылуу кичи жана орто бизнести каржылоо. 1 миллион долларга чейинки каржылоону фонддун насыялык чени – доллар боюнча жылдык 5 жана сом түрүндө 12 пайызды түзгөн 13 өнөктөш банк аркылуу алууга болот. Ал эми түз каржылоодо 1-25 миллион долларга чейинки жылдык 4 пайызды түзгөн узак мөөнөттүү насыялар берилет.

Негизги шарттар: финансылык үлгүсү бар бизнес-пландын, ишкананын соңку үч жылдагы каржылык эсеп-кысабы, долбоорду ишке ашырууда тажрыйбалуу менеджменттин болушу жана күрөөнү камсыз кылуу.

Насыялар кандай долбоорлорго берилет?

Каржылык каражаттар иштеп турган кубаттуулуктарга, өндүрүштөрдү жаратууга багытталган долбоорлорго берилет. Каражаттар имараттардын курулушу үчүн жабдыктарды, ошондой эле зарыл инфраструктураларды жаратууга жумшалат.

Насыялар канча убакытка берилет?

Насыялоонун эң узак мөөнөтү – түз каржылоо боюнча 10 жылга чейин, эң кыскасы – долбоордун өзүнөн көз каранды. Ар бир долбоор жекече каралат. Насыялоонун кыска мөөнөт боюнча чектөөсү жок. Кичи жана орто бизнес долбоорлорун каржылоо беш жылдык мөөнөткө бөлүнөт.

Экономиканын кайсы багыты боюнча мага сөзсүз насыя берилет?

Авторынки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте беш миң доллардан арзан унаа калбайт. Эмне үчүн?
Каржылоодо артыкчылык берилчү негизги тармактар айыл чарбасы (кайра иштетүү, сактоо), жеңил өнөр жай – экспортко багытталган, инфраструктура — ТКЧнын бардык чөйрөсү, суу тазалоо жана жеткирүү, электр энергиясы, машина куруу — станокторду, тиричилик жабдыктарын өндүрүү.

Насыя алууга кандай документтер жана тактамалар зарыл?

Негизги документтер — тапшырык, анкета, үч жылга карата эсеп-кысап, бизнес-план, каржылык үлгү, юридикалык документтер (устав, каттоо күбөлүгү, Салык төлөөчүнүн жеке номуру), күрөө боюнча маалымат жана башка документтер.

Бизнес-планда эмнелер көрсөтүлүшү керек?

Долбоордун алкагында эмне жаратуу пландалып жатканы, башкача айтканда, соңку өндүрүм жазылууга тийиш. Ошондой эле өндүрүш сырьесу жана ресурстар кайдан алынары, сатуу рынокторун санап, айлантуу каражаттарын керектөө жана чыгымдын акталышы боюнча эсептерди көрсөтүү зарыл.

Бишкектин тургуну эмесмин. Насыя алууга тапшырык берүүгө борбор калаага бет алуум керекпи? Аймактарда фонддун өкүлчүлүктөрү барбы?

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын мүчөсү Аймен Касенов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Радио
Касенов: Бабановдун өнүктүрүү фонддон алган акчасын эл аралык компания көзөмөлдөйт
Фонддун кызматкерлери Кыргызстандын бардык аймактарында бизнес-жолугушууларды ар дайым өткөрүп келет. Насыя боюнча адистер каржылоо маселелери боюнча ишкерлерге кеңеш беришет. Ошондой эле ишкерлер каржылоону фонддон 13 өнөктөш-банк аркылуу, республика боюнча (326 филиал бар), ала алышат. Өзүңүзгө ылайык келген банкты тандасаңыз, аймактын жана жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган демилге жана долбоорлоруңузду КРӨФ колдоого даяр.

Керектөө насыялары берилеби?

Жок. Фонддун насыялары өндүрүштү өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык дараметин өрчүтүүгө гана багытталган.

Чет өлкөлүкмүн, КРӨФ кардары болууга акым барбы?

Фонддон жеке жактар насыя ала алышпайт, КР жарандары болгон юридикалык тараптардын гана насыя алуусуна жол берилет.

Төлөм маалын кечиктирип алсам, эмне болот?

Насыялоо келишиминде көрсөтүлгөн боюнча каралат. Алгач — айыптык санкциялар жана пайыздык чендин жогорулашы. Анык бир мөөнөттөн жана мүмкүнчүлүктөр, кайра түзүмдөштүрүүнүн максаттуулугу каралган соң, карызды жөнгө салуунун башка ыкмалары болбосо, фонд күрөөгө коюлган мүлккө жаза коет.

Насыяны убагынан эрте жаап койсом болобу?

Депутат от фракции СДПК Карамат Орозова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Орозова: жеңилдетилген насыя берүүдө талаптарды жеңилдетүү керек
Ооба, мында кошумча комиссия да алынбайт. Болгону фондго бул боюнча алдын ала кабарлап коюуңуз зарыл.

Күрөөнүн өлчөмү жана түрлөрү кандай?

Күрөө катарында жабдыктар, кыймылсыз мүлк жана долбоор алкагында сатып алынган негизги каражаттар жана курула турган кыймылсыз мүлктү кабыл алабыз. Алардын өлчөмү – айырмалардан кийинки насыянын акысынан күрөө наркынын 120 пайызын түзүүгө тийиш. Алгачкы баскычта КРӨФ кызматкерлери күрөөнү баалайт, фонддун жетекчилиги тарабынан каралышында маселе жаралса, күрөөнү КРӨФте катталган көз карандысыз баалоочу ишканалар баалайт.

Насыялар тууралуу толук маалыматты РКФР сайтынан таба аласыздар.

© РКФРКРӨФ насыясын кантип алууга болот?
КРӨФ насыясын кантип алууга болот? - Sputnik Кыргызстан
КРӨФ насыясын кантип алууга болот?

Жаңылыктар түрмөгү
0