Өзгөндө жер көчкүдөн улам бузулган жол 30 миллион сомго оңдолот

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүРемонт участка федеральной автомобильной дороги "Уссури" Хабаровск - Владивосток
Ремонт участка федеральной автомобильной дороги Уссури Хабаровск - Владивосток - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдун курулуш иштерин октябрь айында соңуна чыгаруу пландалууда

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өзгөн районунда жер көчкүнүн айынан бузулган жолду оңдоого 30 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Последствия селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на - Sputnik Кыргызстан
Аравандын тургуну: чоңдугу машинадай болгон таш аралаш сел келатканда тоого качтык
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Жалпак-Таш айылында бузулган жол оңдоло баштады. Жолчулар анда сегиз айыл аркылуу өтө турган жолду толугу менен жасап чыгышат. Министрлик ал үчүн 30 миллион сом каражат бөлдү.

Эске сала кетсек, жазында Өзгөндө болгон жер көчкү Куршаб — Жалпак-Таш жолунун 18-чакырымынан 22-чакырымына чейинки аралыкты басып калган.

Аталган жолдун курулуш иштерин октябрь айында соңуна чыгаруу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0