Дүйнөлүк банк Бишкектин жылуулук тармагын оңдоого 400 миӊ доллар грант бөлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековУстановка статора генератора на ТЭЦ Бишкека
Установка статора генератора на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражат толугу менен "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасына берилет.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк банк Бишкектин жылуулук тармагын жакшыртууга 400 миӊ доллар грант бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырды.

"Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Бишкек шаарын жылуулук менен камсыз кылуу түйүнүнүн абалын жакшыртуу үчүн 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Аудитордук жумуштарды жүргүзүү үчүн да кошумча акча каралууда", — деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой гранттык каражат толугу менен "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасына бериле турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0