Атамбаев: Россия Кыргызстандын бардык карызын чогултуп туруп бир кечти

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент Атамбаевдин Россияга болгон мамлекеттик сапары
Президент Атамбаевдин Россияга болгон мамлекеттик сапары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тараптын финансы министрлери жолугуп, Кыргызстандын Россияга болгон бардык карызын жойгон документтерге кол коюшту.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россия Кыргызстандын бардык карызын кечкендигин президент Алмазбек Атамбаев Кремлде билдирди.

Учурда Кыргызстандын президенти Россия Федерациясында мамлекеттик иш сапары менен жүрөт.

Өлкө башчысынын айтымында, эки тараптын министрлери жолугулуп, өлкөнүн Россияга болгон бардык карызын жойгон документтерге кол коюшту.

"Россия тарап биздин өлкөгө бир топ каржылык колдоо көрсөттү. Мисалы бүгүн эки өлкөнүн финансы министрлери Кыргызстандын калган карызын жокко чыгарчу документтерге кол коюшту", — деди Атамбаев.

Бирок президент аталган карыздын суммасын ачыкка чыгарган жок.

Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Кыргызстандын келечегин Россиясыз элестете албайм
Эске салсак, 3-май күнү Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Кыргызстандын Россияга болгон 240 миллион доллар карызын жойгон жарлыкка кол койгон

Бишкек менен Москва 2012-жылы жалпы суммасы 500 миллион доллар болгон карызды жөнгө салуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол койгон. Ага ылайык, келишим күчүнө кирген күнү 188,9 миллион карыз кечилмек. Ал эми 2016-жылдан тарта 300 миллион доллар карыз он жыл аралыгында жоюлмак.

Буга чейин Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков Кыргызстандын Россияга берчү 240 миллион мамлекеттик карызынан толугу менен кутулуу боюнча келишим даярдалып жатканын билдирген. Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан менен Россия 300 миллион доллар карызды 10 жылдын ичинде (жылына 30 миллион доллардан) төлөп кутулуу боюнча сүйлөшүшкөн.

Эки жылда 60 миллион доллар төлөнүп бүтүп, калган карыз 240 миллион долларды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0