Түндүк – Түштүк жолунун курулушуна 20 млн. доллар насыя алынат

© Sputnik / Александр ФедоровЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк – Түштүк автожолуна алынган насыялык каражатты кыргыз тарап 2023-жылдан тарта 2042-жылга чейин төлөп бүтүүгө тийиш экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушуна Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар насыя алынууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өкмөт менен аталган фонддун ортосундагы бул келишимди Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети жактырды.

"Насыяны төлөө мөөнөтү – 25 жыл, пайыздык үстөгү – 1 пайыз. Түндүк – Түштүк автожолуна алынган насыялык каражатты кыргыз тарап 2023-жылдан тарта 2042-жылга чейин төлөп бүтүүгө тийиш", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түндүк – Түштүк унаа жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Ушу тапта 74 чакырым жолдун курулушунун каржы булагы табыла элек. Жол 2020-жылы пайдаланууга берилип, ал эми 2022-жылы толугу менен кабыл алынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0