Кыргызстандын алтын кору жыл башынан бери 2 млрд. сомго кымбаттады

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSСлитки золота
Слитки золота - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылдын 1-январында Кыргызстандын алтын кору 11,8 миллиард сомго бааланган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстандын алтын кору 1 миллиард 934,3 миллионго кымбаттагандыгы тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.

Биткойн криптовалютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР өкмөтү криптовалюта боюнча түшүндүрмө берди
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын алтын кору 1-январга карата 11 миллиард 810,1 миллиардга бааланап, 31-майда 13 миллиард 744,4 миллион сомду түзгөн. Ошентип өлкөнүн алтын кору беш ай аралыгында 1 миллиард 934,3 миллион сомго жогорулаган.

Ал эми Лондон биржасынын маалыматы боюнча трой унциясынын баасы жыл башында 1 151 долларды түзүп, май айынын соңунда 1 263,8 долларга жогорулаган. Бул мезгил аралыгында Кыргызстанда доллардын баасы 1 сом 19 тыйынга түшүп, 68,04 сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0