КР өкмөтү криптовалюта боюнча түшүндүрмө берди

© AFP / KAREN BLEIERБиткойн криптовалютасы. Архив
Биткойн криптовалютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар Кыргызстан алтын менен камсыздалган криптовалюта киргизүүнү пландап жатканын билдирди. Ал алтын кендерин иштетүү үчүн каражат чогултууга жардам берет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстан улуттук криптовалютанын киргизилиши мүмкүндүгү боюнча түшүндүрмө берди.

Билдирүүгө ылайык, премьер Сооронбай Жээнбеков криптовалюталарды чыгаруу боюнча чечимге кол койгон эмес. Ошол эле учурда өкмөт "Кыргызстан соода үйүн" алардын атынан криптовалютаны сатуу боюнча укук да берген эмес.

"2017-жылдын 14-июнунда www.iz.ru интернет-порталына Кыргызстан криптовалюта чыгарууга камынып жатат деген маалымат чындыкка коошпойт", — деп айтылат өкмөт тараткан билдирүүдө.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк эл аралык валюта резервин 2 млрд. долларга жеткирип, рекорд койду
Эске салсак, бүгүн 14-июнда "Известия" басылмасына Кыргызстан улуттук криптовалюта чыгарууну пландап жатат деген маалымат чыккан.

Басылманын жазышынча бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Россиянын "Крипт НН" компаниясы тартылган. Ал эми жоопкерчилик "Кыргызстан соода үйү" мамлекеттик компаниясына жүктөлгөн. Өкмөткө жакын эки маалымат булагынын айтымында, жаңы криптовалюта (аталышы GoldenRock болушу мүмкүн) алтынга негизделет.

Андан сырткары "Известия" басылмасы Кыргызстандын бийлиги алтын кендерин иштетүүнү колго алууга кызыкдарлыгын, мындан улам мамлекетке жеке инвестиция тартуу зарылдыгы бар экенин жазган. Каражатты тез арада алуу үчүн криптовалюта чыгаруу чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0