"Кыргызтемиржолу" 435 миллион сомго жүк ташуучу 150 вагон сатып алат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаалар. Архив
Жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вагондор Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан насыяга катары берилген 435 миллион сомго алынат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Кыргызтемиржолу" мамлекеттик ишканасы жүк ташуучу 150 даана вагон сатып алат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Строительство Нижне-Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 14 чакан ГЭС курулат. Инвесторлорго тендер жарыяланды
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы темир жол станциясына жүк ташуучу 150 даана вагон сатып алуу үчүн тендер жарыяланган. Ага Кытай, Россия, Белоруссия жана Казакстандагы төрт компания катышып, жыйынтыгында казакстандык компания жеңип чыккан.

Анын жыйынтыгы менен аудитордук текшерүү жүргүзүлүп, корутунду чыгарылган. Учурда атайын комиссия кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен эки тараптуу макулдашууга кол коюлат.

Вагондор Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан берилген насыя катары берилген 435 миллион сомго алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0