Улуттук банк эл аралык валюта резервин 2 млрд. долларга жеткирип, рекорд койду

© AFP / PATRICK LINАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-апрелде бул сумма 1 миллиард 984 миллион 840 миң долларды түзгөн.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын эл аралык валюта резерви май айынын аягындагы көрсөткүч боюнча 2 миллиард 60 миллион 380 миң долларды түзгөнү Улуттук банктын сайтында жазылды.

30-апрелде бул сумма 1 миллиард 984 миллион 840 миң долларга жетип жаткан. Улуттук банктын маалыматына караганда, көрсөткүч 2014-жылдын сентябрь айынан бери мынчалык көтөрүлө элек болчу.

Анда резерв 2 миллиард 123 миллион 30 миң долларга жеткен. Көрсөткүч 2 миллиардга жеткени менен азыркы учурдагыдай боло элек болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0