EXPO-2017: КР энергетикалык кубатын көрсөтүп, "Камбар-Атага" инвестор издейт

© Фото / Алия СамидинАстана шаарында үч ай бою энергетика боюнча өтө турган EXPO Astana-2017 эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын стенди
Астана шаарында үч ай бою энергетика боюнча өтө турган EXPO Astana-2017 эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын стенди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергетика боюнча эл аралык көргөзмөдө Кыргызстан улуттун үрп-адаты, салты туурасында да айтып берет.

АСТАНА, 9-июн. – Sputnik. Алия Самидин. Астана шаарында үч ай бою энергетика боюнча өтө турган EXPO Astana-2017 эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын суу, күн, шамал энергиясынын мүмкүнчүлүгү жана маданияты таанытылат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов билдирди.

© Фото / Алия СамидинАстана шаарында үч ай бою энергетика боюнча өтө турган EXPO Astana-2017 эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын суу, күн, шамал энергиясынын мүмкүнчүлүгү жана маданияты таанытылат.
Астана шаарында үч ай бою энергетика боюнча өтө турган EXPO Astana-2017 эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын суу, күн, шамал энергиясынын мүмкүнчүлүгү жана маданияты таанытылат. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Астана шаарында үч ай бою энергетика боюнча өтө турган EXPO Astana-2017 эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын суу, күн, шамал энергиясынын мүмкүнчүлүгү жана маданияты таанытылат.
© Фото / Алия СамидинПавильонду жасалгалоо иштери аяктап, ал жерде өлкөнүн энергетикалык кубатын кенен түшүндүргөн атайын экрандар жайгаштырылды.
Павильонду жасалгалоо иштери аяктап, ал жерде өлкөнүн энергетикалык кубатын кенен түшүндүргөн атайын экрандар жайгаштырылды. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Павильонду жасалгалоо иштери аяктап, ал жерде өлкөнүн энергетикалык кубатын кенен түшүндүргөн атайын экрандар жайгаштырылды.
© Фото / Алия Самидин10-июндан баштап 10-сентябрга чейин өтө турган көргөзмөгө 115 өлкө жана эл аралык 22 уюм катышат.
10-июндан баштап 10-сентябрга чейин өтө турган көргөзмөгө 115 өлкө жана эл аралык 22 уюм катышат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
10-июндан баштап 10-сентябрга чейин өтө турган көргөзмөгө 115 өлкө жана эл аралык 22 уюм катышат.
1/3
Астана шаарында үч ай бою энергетика боюнча өтө турган EXPO Astana-2017 эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын суу, күн, шамал энергиясынын мүмкүнчүлүгү жана маданияты таанытылат.
2/3
Павильонду жасалгалоо иштери аяктап, ал жерде өлкөнүн энергетикалык кубатын кенен түшүндүргөн атайын экрандар жайгаштырылды.
3/3
10-июндан баштап 10-сентябрга чейин өтө турган көргөзмөгө 115 өлкө жана эл аралык 22 уюм катышат.

Анын айтымында, павильонду жасалгалоо иштери аяктап, ал жерде өлкөнүн энергетикалык кубатын кенен түшүндүргөн атайын экрандар жайгаштырылды.

"Биз Кыргызстандын суу, күн, шамал энергиясынын мүмкүнчүлүгүн келгендерге ар тараптан көрсөтүп беребиз. Павильонубуздан коноктор Кыргызстандын тарыхы, үрп-адат, каада-салттары менен да тааныша алат", — деди ал.

Камбар-Ата ГЭСинин бийиктиктен тартылган көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Камбар-Ата ГЭСинин бийиктиктен тартылган көрүнүшү
Оморов көргөзмөдө өлкөнүн энергетика тармагына инвестиция тартууну жана чет элдик жаңы технологияларды үйрөнүүнү көздөп жатканын айтты.

"2010-жылдан бери Кыргызстандын энергетика тармагына 1,5 миллиард доллар инвестиция тартылган. Учурда "Камбар-Ата-1" долбооруна айрым ишканалар кызыгып жатат. Инвестор тартууга аракет кылуудабыз", — деди аткаминер.

10-июндан баштап 10-сентябрга чейин өтө турган көргөзмөгө 115 өлкө жана эл аралык 22 уюм катышат. Уюштуруучулар аталган иш-чарага 5 миллионго чукул көрүүчүнүн келиши күтүлүп жаткандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0