Сүт менен алтындан улам Кыргызстандын экспорту көбөйдү

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРабота полевой молочной фермы СПК "Ташкиново"
Работа полевой молочной фермы СПК Ташкиново - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылдын биринчи кварталындагы экспорттун көлөмү 433 миллион долларды түзгөн.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. 2017-жылдын биринчи кварталында экспорт 28,3 пайызга өскөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин адам өнүктүрүү боюнча улуттук докладында айтылат.

2016-жылы биринчи кварталда экспорттун көлөмү 332 миллион долларды түзгөн болчу.

"2017-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын экспортунун көлөмү 28,5 пайызга өсүп, 433 миллион долларды түздү", — деп айтылат маалыматта.

Экспорт негизги үч багыт боюнча өскөн. Өнөр жай тармагындагы товарлардын көлөмү 40 пайызга, сүт азыктары эки эсе жана алтындын экспорту 50 пайыздан ашык жогорулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0