Камбар-Ата ГЭСине 110 млн. доллар каражат тартылууда

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүРемонт одного из агрегатов Бурейской ГЭС
Ремонт одного из агрегатов Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкы 20 жылга 110 миллион доллар берет.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Камбар-Ата ГЭСинин 2-агрегатына 110 миллион доллар көлөмүндө инвестициялык каражат тартылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, аталган долбоорду Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети экинчи окууда жактырган.

"Долбоорду ишке ашыруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкы 20 жылга 110 миллион доллар берет. Насыя беш жылга жеңилдетилип берилип, пайыздык үстөгү бир пайызды түзөт", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна бюджеттен 5 миллиард сом, Россия грантынан 100 миллион доллар жумшалган. 1-агрегаты 2010-жылы ишке киргизилип, ошол эле жылы электр жүктөмүнө кошулган. Анда иштелип чыккан электр энергиясы 110 кВ электр тармактары аркылуу өлкөнүн энерготутумуна берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0