Кыргызстанда Казакстан, Россия жана Белоруссияга салыштырмалуу кайсы товарлар кымбат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСүт. Архив
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Улуттук статистикалык комитети Кыргызстан, Казакстан, Россия, Белоруссия өлкөлөрүндөгү товарларга болгон бааларды салыштырып көргөн.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет Казакстан, Россия жана Белоруссияга салыштырмалуу Кыргызстанда кайсы товарлар кымбат экенин аныктады.

Билдирүүгө ылайык, кыргызстандыктар көбүнчө ун, күрүч, макарон, сүт, жумуртка жана эркектердин байпагын кымбат сатып алышат.

Белгилей кетсек, эркектер үчүн бир жуп байпак Кыргызстанда 1 доллар 35 цент турса, Белоруссияда беш центке арзан. Ал эми ошол эле эркектердин байпактары Казакстан менен Россияда 15 центке бааланат.

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кайсы кесипке суроо-талап күч? Рейтинг
Бирок айрым жеңил өнөр жай тармагында өндүрүлгөн товарлардын Кыргызстандагы баасы төмөн. Алсак, эркектердин орточо баадагы костюм-шымы өлкөдө 85 долларга бааланса, Белоруссияда — 90 доллар турат. Ал эми Казакстанда — 106, Россияда — 130 долларга сатылат.

Ошондой эле кыргызстандыктар телевизорду орточо эсеп менен 275 доллар арзаныраак алса, Казакстанда сыналгылар 450 доллардан кем эмес сатылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0