Өлкөнүн 26 ишканасына Казакстан аймагында соода кылууга жол ачылды

Жазылуу
Буга чейин ишканалар товарларын Казакстандын түштүк облустарына гана жеткирип турган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын 26 өндүрүш ишканасы Казакстандын бардык аймактарына соода жүргүзүү укугуна ээ болду. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

"Бул боюнча Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөлдөө комитети менен сүйлөшүүлөр болуп өттү. Жыйынтыгында Евразия экономика биримдигинин бирдиктүү реестрине киргизилген кыргызстандык 26 ишкана Казакстандын бардык аймагына өз товарларын сатууга мүмкүнчүлүк алды", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ишканалар продукцияларын Казакстандын түштүк облустарына гана чыгарып турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0