БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. 1-майга карата эл колдонуп жаткан акча рекорддук көлөмгө жеткенин Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айлануудагы акча 75 миллиард 714,2 миллион сомду түздү. Буга чейинки рекорд 1-январда катталып, анда элдин колундагы накталай акча 74 миллард 838,8 миллион сомду түзгөн.
Ошондой эле банктын билдиришинче былтыр сентябрда калк колундагы акчанын көлөмү 70 миллиард сомдук чектен ашкан (2016-жылдын декабрын эске албаганда).
Айлануудагы акча — бул элде болгон акча. Мында насыя берүүчү уюмдардын кассаларында калган акчалар да кошо эсептелет. Бул жерде сөз бир гана улуттук валюта — сом тууралуу болуп жатат. Чет элдик валюталар эсепке алынбайт.