Кыргызстандык 28 компания ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилди

© Sputnik / Табылды КадырбековМед из Кыргызстана признан лучшим в мире
Мед из Кыргызстана признан лучшим в мире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Реестрге кирген компаниялар Евразия экономика биримдигинин аймагына өз товарларын көйгөйсүз чыгарат.

БИШКЕК, 30-май. — Sputnik. Азык-түлүк өндүргөн 28 кыргызстандык компания Евразия экономика биримдигинин бирдиктүү реестрине киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Первичный анализ молока в городском молочном комбинате. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын продукциясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө киргизилбейби? Өкмөттөн жооп
Билдирүүгө ылайык, Кыргызстанда сүт, эт, балык жана бал өндүргөн бул ишканалар ЕАЭБ курамындагы өлкөлөргө өз товарларын ээн-эркин чыгарат. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү ишканалар бирдиктүү реестрге киргенден кийин алган.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумакановдун айтымында, эми ата-мекендик өндүрүшчүлөр дүйнөлүк базарга көйгөйсүз чыгат.

"Кыргызстанда эпизотиялык абал туруктуу жана дүйнөлүк базарга чыгууга тоскоолдуктар жок. Ошондой эле ЕАЭБдин курамына кирбеген үчүнчү өлкөлөр менен кызматташууга да көңүл буруп жатабыз. Азыр өлкөдөгү тоок фабрикаларынын продукцияларын Кытайга экспорттоо үчүн келишимге кол коюлат", — деди Жумаканов.

Реестрге кирген компаниялар ЕАЭБ курамындагы мамлекеттерге өз товарларын эч маселесиз чыгара алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0