Атамбаев: чет жактан аскерий колдоо токтотулушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековВторые соревнования "Аскер шумкарлары" Генерального штаба Вооруженных сил КР
Вторые соревнования Аскер шумкарлары Генерального штаба Вооруженных сил КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин баамында, өкмөт менен парламент армиядан акча үнөмдөбөй, толук кандуу каржылашы керек.

БИШКЕК, 29-май. — Sputnik. Кыргызстан өзүнүн армиясын өз алдынча каржылоого жетишиши керек экенин президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган маараке учурунда айтты.

Анын баамында, өкмөт менен парламент армиядан акча үнөмдөбөй, аны толук кандуу каржылоого үйрөнүшү керек.

"Армия мындан ары да толук камсыздалып турушу шарт, анан албетте, аймактык коопсуздук маселесине да көңүл буруу зарыл. Өкмөт өлкөнүн аскердик жөндөмдүүлүгүнүн экономикалык негиздерин түзүү жаатында иш алып баруусу кажет", — деди өлкө башчы.

Призывники Национальной гвардии КР - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев баласын эмне үчүн армияга жибергенин айтып берди
Президент аскер кызматкерлеринин материалдык көйгөйүн чечүү орчундуу маселе бойдон кала берерин белгиледи.

"Өкмөт менен Жогорку Кеңеш Куралдуу күчтөргө бөлүнүүчү акчаны көбөйтүүнү карап чыгышы керек. Анткени, союздаштардан көрсөтүлүп келген колдоо токтотулушу мүмкүн. Эми техника, курал-жаракты жана турак жай курууну да өзүбүз каржылоого көнүшүбүз зарыл", — деди өлкө башчы.

Атамбаевдин маалыматы боюнча учурда аскер кызматкерлери үчүн 55 үй колдонууга берилип, дагы 34ү курулуп жатат. Планда 37 турак жайды куруу иши турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0