Бишкектеги форумда кыргыз компаниялары арабдарга долбоорун сунуштайт

© AFP / NASSER YOUNESФлаг Объединённых Арабских Эмиратов
Флаг Объединённых Арабских Эмиратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумдун максаты — эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди бекемдөө, андан сырткары буга чейинки түзүлгөн алака-катнашты кеңейтүү.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Борбор калаада "Кыргызстан — Бириккен Араб эмирлиги" деп аталган бизнес-форум өтөт. Бул туурасында Экономика министрлиги кабарлады.

Бириккен Араб эмирлигинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу боюнча министри шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бириккен Араб эмирлигинин Тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет
Иш-чарага Бириккен Араб эмирлигинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу боюнча министри шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян башында турган бизнес-делегация андан сырткары эки тараптын бизнес-өкүлдөрү катышууда.

Форумду өткөрүүнүн максаты — эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди бекемдөө, андан сырткары буга чейинки түзүлгөн алака-катнашты кеңейтүү.

Иш-чарага "Альфа Телеком", "ZAS M Power", "Аю Курулуш", "ОргТехСтрой", "Textile-Trans" жана "SME Fund" компаниялары инвестор тартуу үчүн өздөрүнүн долбоорлору тууралуу айтып беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0