АКШ менен Ирландия Кыргызстанда жасалган IT-программаларды сатып ала баштады

© AP Photo / L.G. PattersonКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы Жогорку технологиялар паркы жигердүү иштеп, жыл сайын улам көбүрөөк продукция чыгара баштады.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда маалымат технологияларынын экспорттук түзүмү өзгөрдү. Бул туурасында Программалык жактан камсыздоону иштеп чыгуу жана кызмат көрсөтүү боюнча кыргыз ассоциациясынын жетекчиси Азис Абакиров айтты.

Бир нече жыл Microsoft компаниясынын Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлү болуп иштеген Акылбек Айдаралиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Microsoft компаниясында иштеген Акылбек: баалуу адис жыйынтык көрсөтөт
Жогорку технологиялык паркына 2014-жылы продукциялардан 80 миллион сом каражат түшкөн. Ал эми анда 60 программист иштеген. Бул маалыматтарды "Маалымат технологиялары — экономикалык өнүгүүнүн жаңы жолу: көйгөйлөр жана аны чечүү" деп аталган илимий-тажрыйбалык конференцияда айтты.

2015-жылы 130 миллион сомдук IT-продукциялар сатылган. Бул эмгектерди 110 программист жасаган. Өткөн жылы ал 241 миллион сомду түзүп, каражат 251 программисттин эмгеги менен келген.

"Бул эми өтө чоң деле сумма эмес, бирок орточо эсеп менен алганда ар бир программист бир миллион, тагыраагы 14 миң доллар түшүргөн", — деп айтты Абакиров.

Анын маалыматына караганда, продукция негизинен Россия менен Казакстанга сатылып, I кварталдын жыйынтыгы менен алганда секирик болгон. Тагыраагы, пайыздык үлүш менен эсептегенде АКШга 36 пайыз, Ирландияга — 24, Казакстанга — 19 пайыз туура келет. Кыргызстандык продукцияларды Япония (6,2 пайыз) жана Улуу Британия (3,2) да сатып алууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0