Казакстандын депутаттары Кыргызстанга 100 млн. доллар бөлүүнү жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековВсемирные игры кочевников-2016 на Иссык-Куле
Всемирные игры кочевников-2016 на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан бул каражатты Кыргызстанга ЕАЭБ менен болгон чек ара бажыларын жакшыртууга жардам катары бөлөт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Мажилистин депутаттары (Казакстандын парламенти) Кыргызстанга жардам катары 100 миллион доллар бөлүү боюнча келишимди жактырды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди. 

Казакстандын экономика министри Тимур Сулеймановдун айтымында, казак, кыргыз өкмөттөрүнүн ортосунда Евразиялык экономикалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү келишимге былтыр 26-декабрда кол коюлган.

"Келишимге ылайык, казак тарап кыргыз тарапка 100 миллион доллар көлөмүндөгү акчалай жардам бермек", — деген пикирин мажилистин шаршемби күнкү жыйынында билдирген.

Аталган жардам Кыргызстандын Евразиялык экономикалик биримдигине кошулушу боюнча "Жол картасында" каралган иштерди аткаруу үчүн бөлүнөт. Анын ичинен ЕАЭБ менен болгон бажы чек араларындагы инфраструктураны жакшыртып, бирикменин санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык системасынын талаптарына шайкеш келтирилиши кажет.

Жардам этап-этабы менен бөлүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0