18:59 30 Бугу 2017
Түз эфир
Өрүк. Архивдик сурөт

Кыргызстандын арты менен жан баккандар: биздин товарды жана атыбызды ким колдонот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
181932

Кыргызстанда өндүрүлгөн айрым товарлардын чек арадан чыгары менен эле "жарандыгы" өзгөрүп кетет. Ал эми кээде, тескерисинче, импорттолгон товарлар "Кыргызстанда жасалган" деп чыга калмайы бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өз пайдасы үчүн Кыргызстандын товарларын же атын колдонгондордун арасынан эң көрүнүктүү мисалдарды тизмектеп чыкты. 

Вещи на одном из рынках Бишкека
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда тигилген кийим-кече

Versace менен Gucci бренддерине теңелген кыргыз кийимдери

Кыргызстанда эң күчтүү тармактардын бири — тигүү өнөр жайы. Бир убакта ал бир топ кыйынчылыкка туш болгон. Анда "Кыргызстанда жасалган" брендин чет өлкөлөрдө массалык түрдө жасалмалай башташкан.

Башкача айтканда, Кыргызстанда тигилген кийимдер Versace, Gucci бренддери сыяктуу болуп калган. Бирок бул сүйүнө турган жагдай эмес дешет адистер.

"Бул биздин продукция сапаты жагынан өзүн көрсөтө алгандыгынан кабар берет. Экинчиден, ал мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген айрым өлкөлөргө пошлинасыз киргизилет", — деди "Легпром" ассоциациясынын президенти Сапар Асанов.

Ал "Кыргызстанда жасалган" брендин өз кызыкчылыгы үчүн кайсы өлкөлөр колдонорун айтуудан баш тартканы менен бул жергиликтүү ишкерлердин чөнтөгүнө бир топ зыян келтиргенин тастыктады. Анткен менен ЕАЭБге киргенден бери мындай товарларды аталган биримдикке кирген өлкөлөр өз чек арасынан өткөрбөй калышкан. Ошондуктан азыр Кыргызстандын аты менен жасалган кийим-кече чыгарылып жатабы-жокпу белгисиз. 

Продажа сухофруктов на рынке в Баткене. Архивное фото
© Фото / Улан Маккамбаев
Баткен өрүгү

Баткендин өрүктөрү Россияда Тажистандын атынан сатылат

Баткендин өрүктөрүн тажик ишкерлери Россияга алып барып өздөрүнүн брендинин алдында сатаары эч кимге сыр деле эмес.

"Тажиктер биздин өрүктөрдү сатып алышат. Алардын бизге жакын Исфара деген шаары бар, анда өрүктү кайра иштетүүчү 17 заводу жайгашкан. Ал эми Баткен облусунда өрүктү толук кандуу иштетчү бир дагы завод жок. Болгону жууй турган үч ишкана курулган. Бирок алар деле иштебей турат", — деди "Алыш Дан" кооперативинин башчысы Турсунали Төлөмүшов.

Анын айтымында, биздин продукция Тажикстандын атынан сатылып жатканына Исфарадагы заводдор өрүктү таңгактоодо товарды ХАССП стандартына келтирип жатканы себеп болууда.

"Биздин дыйкандар өрүктөрдү мурдагыдай эле мүшөк-мүшөк кылып базарга чыгарып, бир килограммын 100 сомдун тегерегинде сатып жатышат. Аны тажик ишкерлери ХАССП стандартына тууралап алып, 2-3 эсе кымбат соодалашууда", — деди дыйкан. 

Мешок с фасолью на одном из рынков Бишкека. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Талас төө бурчагы

Түркиядагы кыргыз буурчагы

Таласта өстүрүлгөн төө буурчакты түрк ишкерлери алып кетип, өздөрүнүн аты менен сатыкка чыгарарын жергиликтүү ишкер Марат Исмаилов айтат. Ал бир топ жылдан бери түрк ишкерлери менен кызматташып келерин белгилеп өттү.

"Өзүмдүн буурчак өстүргөн талааларым бар. Элден дагы кошумча сатып алам дагы, түркиялык өнөктөштөргө КамАЗга жүктөп жөнөтөм. Алар мага акчасын банк аркылуу которушат. Түркияга баргандан кийин биздин буурчактар "Кыргызстанда өстүрүлгөн" деп сатылбайт. Анткени аны алар кайра иштетип, таңгактагандан кийин "Түркияда өстүрүлгөн" деп коюшат. Болгону кагазынын бир жерине аталышын билинер-билинбес кылып "Кыргыз буурчагы" деп жазышат", — деди Исмаилов.

Ишкердин пикиринде, буурчактын өтүп кеткенине сүйүнгөн таластыктар аны ким, кандай ат менен сатып жатканына маани бербейт. 

Предприятие по переработке рыбы Русская рыбная фактория в Москве
© Sputnik / Алексей Филиппов
Балык сатуу

Россияда кармалып, Ысык-Көлдө сатылган балыктар

Балыкчы шаарына кирип баратканда чоң жолду бойлой сатылып жаткан балыктарды баарыбыз эле көргөнбүз. Сатуучулар аларды Ысык-Көлдүн балыгы деп соодалаганы менен, бардыгы эле Кыргызстандагы суулардан кармалган эмес.

"Балыктардын көпчүлүк бөлүгү Россия менен Казакстандан алып келинет дагы, биздин балыктар деп сатыла берет. Атургай кээде элдин билбестигинен улам горбушаны сига балыгы деп деле сата бериши мүмкүн", — деди балык чарбаларынын биринин жетекчиси Бакыт Асанов.

Андыктан, Көлдүн балыгы деп рахаттанып жеп жатканыбыз Россиянын сууларынан торго түшкөн балык болуп калышы толук мүмкүн. 

Национальный головной убор ак калпак на рынке в городе Ош
© Sputnik / Исмаил Мамытов
Калпак сатуу

Кытайда жасалган "кыргыз кийизи"

Жамандык-жакшылыкта колдон-колго өтүп жүргөн калпактарды билсеңиз керек. Кармасаң кагаздай болуп, таза кийизден эмес экени дароо билинет. Элди кызыктырганы — баасы, базарда бирөөсүн 150 сомдун тегерегинде сатып алса болот.

Көрсө буларды тигүүгө Кытайдан жасалган синтетикалык кездеме колдонулат экен.

"Калпактарга колдонулган Кытайдын кезмедеси менен кийиздин курамы таптакыр окшошпойт. Аны дүңүнөн Кытайдан ташып келип, "Мадина" базарында сатышат. Андан тигилген калпактын дүң баасы 50-60 сом. Карапайым элге кыргыздын кийизинен тигилген деп сатып жиберишет", — деди "Миң Кыял" коомдук фондусунун жетекчиси, уз Айдай Асангулова.

Анын пикиринде, мындай кездемелерди Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынса, кыргыз калпагынын кадыры жогорулай түшмөк. 

Участники фестиваля урюка в селе Кызыл-Бел Баткенского района
© Фото / Улан Маккамбаев
Баткендин өрүгү

Кытайдан келген "Баткен" өрүгү

Баткендин өрүктөрүн коңшу өлкөлөр сатып кетип жатканда, өзүбүз Кытайдан келген өрүктү жеп жүрөбүз. Бул тууралуу бир топ жылдан бери Кытайдын кургатылган өрүктөрүн Кыргызстанга ташып келип, жергиликтүү жемиш катары саткан ишкер айтып берди.

"Кытайдын өрүктөрү алда канча арзан. Биз аны Бишкекте гана эмес, айрым учурда Баткенге чейин алып барып, коңшуларга Баткендин өрүгү катары саткан учурлар болот", — деди атын атагысы келбеген ишкер. 

Национальный напиток кыргызов — кумыс
© Sputnik / Нургуль Максутова
Кымыз

Кургак сүттөн жасалган кымыз

Көпчүлүк Кытайдан кымыздын порошогу жасалып келет деп ойлойт. Бирок "Кымыз сүйүүчүлөр коомунун" уюштуруучусу Бакыт Дыйканов муну жаңылыш пикир деп эсептейт. Анын айтымында, Бишкектин тегерегинде жана Суусамырда кымыз саткан айрым ишкерлер кымызды кадимки уйдун кургатылган сүтүнөн жасашат.

"Алар кургатылгын сүттү сууга аралаштырып туруп, үстүнө ачып кеткен кымызды кошуп коюшат. Кымыз сүйүүчүлөр таза кымыздын таламын талашып, абийирсиз ишкерлер менен далай күрөшүп көрдүк. Акырында жасасаңар дагы сапаты жакшы сүттөн жасагыла деп калдык. Анткени алар кампалардан колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен сүттөрдү алышат", — деди Дыйканов.

Учурда кымызды көбүнесе ден соолукту чыңдоо максатында ичип калган кыргызстандыктарды ушул сыяктуу шылуундарга алданып калбоого чакырат.

Тема боюнча

Кыргызстандын азык-түлүктөрү Сибирдеги ири соода борбордо сатылат
Бир жыл мурда сатылган спирт заводду азыркыга чейин эч ким сатып ала элек
Белгилер:
дыйкан, бренд, өндүрүш, товар, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ