Кытай менен Кыргызстан чогуу кичи жана чакан бизнести колдой турган болушту

Жазылуу
Пекин шаарында "Бир алкак — бир жол" эл аралык форуму өтүп жатат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан "Бир алкак — бир жол" эл аралык форумунда эки документке кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Кытайда туризмге түз инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулады
Аталган форум 14-майда башталып, 15-майда аяктайт. Ал Кытайдын "Жибек Жолунун экономикалык алкагы" жана "21-кылымдагы деңиз жолу" долбоорлоруна арналган. Бул экономикалык иш-чарага 28 мамлекеттин башчылары, премьерлери жана ири эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Аталган форумдун алкагында КР Экономика министрлиги эки документке кол койгон:

  • кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө стимул берүү программасынын алкагында КР Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Соода министрлиги менен кызматташуу боюнча. Ага министрлер Арзыбек Кожошев менен Чжун Шань кол койгон.
  • өнөр жайдын потенциалын көтөрүү жана инвестициялык кызматташтык боюнча КР Экономика министрлиги менен Кытайдын өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму. Документке Кожошев менен комитеттин башчысы Хэ Лифэн кол койгон.

Белгилей кетсек, КР президенти Алмазбек Атамбаев "Бир алкак — бир жол" эл аралык форумуна катышуу үчүн 13-майда Кытайга учуп кеткен. 14-майда Атамбаев Кыргызстанда жолдорду куруу жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча Кытайдын бир катар жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0