Токтогул ГЭСин модернизациялоо иши башталып, Жээнбеков Токтогулда жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогульское водохранилище на реке Нарын в Джалал-Абадской области
Токтогульское водохранилище на реке Нарын в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган ГЭСти толук модернизациялоо долбоору үч этаптан турат. Анын жыйынтыгында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 мВт көбөйөрү күтүлүүдө, пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга узарат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Токтогул аймагында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча иштерге старт берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ал энергетиктерди, жалпы кыргызстандыктарды өлкө турмушундагы бул маанилүү окуя — Токтогул ГЭСин модернизациялоо ишинин башталышы менен куттуктады.

Премьер-министр Токтогул ГЭСи ата мекендик энергетиканын флагманы болуп саналарын жана Кыргызстан үчүн стратегиялык өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты.

"Токтогул ГЭСин модернизациялоо өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдеп, энергетикалык көз карандысыздыкка алып келет. Бул тармак өлкөнү жана экономиканы өнүктрүүдө негизги ролду ойнойт. Мамлекеттин жашоо жөндөмдүүлүгү жана күнүмдүк ишмердүүлүгү энергетикага түздөн-түз көз каранды", — деди ал.

Аталган ГЭСти толук модернизациялоо долбоору үч этаптан турат. Анын жыйынтыгында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 мВт көбөйөрү күтүлүүдө, пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга узарат.

Улуттук энергохолдинг буга чейин Токтогул ГЭСинин үч фазасы үчүн баш-аягы 487 миллион доллар жумшаларын билдирген.

Токтогул ГЭСи — асмандан жана ички көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСи — асмандан жана ички көрүнүшү
"Датка-Кемин" ири долбоорунун ишке кириши өлкөнү электр энергиясы менен жабдып, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылат. Азыркы учурда дагы башка бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда, анын ичинде Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо, Камбар-Ата ГЭСин куруу, CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу бар", – деп белгилеген премьер-министр.

Жээнбеков кабелдик туннелди, машина залын көрүп, Токтогул ГЭСин борбордук диспетчердик башкаруу пультунун иши менен таанышты.

Эске сала кетсек, Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке киргизилген жана өлкөдөгү эң ири электр станциясы болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0