11:05 22 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт

Быйыл ЕАЭБде Кыргызстандын экономикасы алдыга озуп чыгары болжолдонууда

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
ЕАЭБдеги Кыргызстан (188)
18910

Мындай маалымат Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региондорунун экономикалык абалы туурасындагы докладында жарыяланган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Дүйнөлүк банктын алдын ала болжомолу боюнча быйыл Евразия экономика биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр арасында Кыргызстандын ички дүң продукциясы алдыга озуп чыгат.

Мындай маалымат Дүйнөлүк банктын бейшемби күнү Европа жана Борбордук Азия региондорунун экономикалык абалы туурасындагы докладында жарыяланган.

Ага ылайык, өткөн жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 3,8 пайызды түзгөн. Ал эми быйыл 3,4 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн. Бул алтын казуунун азайгандыгына байланыштуу, ошону менен бирге эле өнөр жай тармактарында өсүү болору күтүлөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондунун делегациясын кабыл алуу учурунда
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын көрсөткүчү эң төмөн болгон. Мисалы Тажикстандын ички дүң продукциясы 2016-жылы 6,5ден 5,5 пайызга чейин төмөндөгөн. Өзбекстанда 7,8ден 7,6га пайызга азайган. Ал эми бирдей темптен түшпөй сакталып турган жалгыз өлкө Түркмөнстан деп табылып, ИДПсы 6,2ден 6,3 пайызга чейин өскөн.

Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндө ички дүң продукциянын төмөндөөсү байкалганы менен Кыргызстандын көрсөткүчү баарынан жогору турат. Бул жылы Казакстанда 1ден 2,4 га чейин көтөрүү каралып жатат. Арменияда 0,3дөн 2,7 пайызга чейин өскөн. Россияда 0,2ден 1,3 пайызга өсөт. Белоруссия минустан чыга элек, бирок аны да —2,6дан —0,4 пайызга чыгаруу болжолдонууда.

Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (188)

Тема боюнча

Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгында кол коюлган документтердин тизмеси
Ошто унааны ЕАЭБ эрежелери менен каттаган пункт ачылды
Путин: ЕАЭБ баарыбыз үчүн ыңгайлуу аянтчага айланды
Белгилер:
ИДП, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик

ЭҢ МААНИЛҮҮ