Улуттук банк: жыл башынан бери насыянын пайыздык төлөмдөрү төмөндөдү

Жазылуу
Бул аралык ичинде сом менен алынган насыялардын саны 93,5 миллиарддан 94 миллиард 546,7 миллионго өстү.

БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда насыялардын пайыздык төлөмдөрү төмөндөгөнүн Улуттук банк билдирди.

Коммерциялык ипотека берген банктардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарттары. Тизме
Былтыркы жылдын декабрь айында сом менен алынган насыялардын пайыздык төлөмү 22,23 пайызды түзсө, 2017-жылдын 30-мартындагы көрсөткүч боюнча ал 21,48 пайыздын чегинде болду.

Ал эми чет элдик валюта менен насыялардын төлөмү 13,45 пайыздан 12,87 пайызга төмөндөдү.

Бул аралык ичинде сом менен алынган насыялардын саны 93,5 миллиарддан 94 миллиард 546,7 миллионго өскөнү айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0