Ошто унааны ЕАЭБ эрежелери менен каттаган пункт ачылды

Жазылуу
Унаанын коопсуздугун текшерген биринчи лаборатория буга чейин Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылынын Мадиев 27 көчөсүндө ачылган.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Ошто унааларды Евразия экономикалык биримдигинин эрежелери менен каттай турган пункт ачылганын Экономика министрлигинен кабарлашты.

Унаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга Кыргызстандан кайсы унаалар кире турганы аныкталды
Унааларды милдеттүү түрдө каттоо системасы 12-февралда күчүнө кирген. Жаңы эрежелерге ылайык, унаанын техникалык абалын атайын лабораториялар текшерет. Анткен менен 12-февралга чейин өлкөгө унаа алып келгендерге бул эреже жайылтылбайт.

Унаанын коопсуздугун текшерген биринчи лаборатория Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылынын Мадиев 27 көчөсүндө ачылган.

Ушундай эле пункт Ош облусунда дагы ачылды. Унааларды жеке компания тейлейт. Лаборатория Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын Касымбеков 6 дарегинде жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0