Бишкекте Кыргызстанда жасалган товарлардын көргөзмө-жарманкеси өтөт

© Sputnik / Эламан КарымшаковЯрмарка с участием посольств в Бишкеке
Ярмарка с участием посольств в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө 30 миңден ашык көрүүчү келери болжолдонууда. Ошондой эле иш-чарага чет элдик ири компаниялар дагы чакырылган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Борбор калаада Кыргызстанда жасалган товарлардын көргөзмө жарманкеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмө-жарманке 28-апрелден 1-майга чейин Бишкектеги "Аю Гранд Комфорт" соода борборунда өтмөкчү. Анда Кыргызстанда жасалган өнөр жай товарлары, азык-түлүк, кийим-кече, таттуулар, эт жана сүт азыктары коюлат.

"Иш-чарага Кыргызстандын жети облусунан келген 150дөн ашуун ишкер катышат", — деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөгө 30 миңден ашык көрүүчү келери болжолдонууда. Ошондой эле чет элдик ири компаниялар дагы чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0