ЖМК: АКШ Кыргызстанга көрсөтүлчү финансылык жардамды кыскартууга белсенип жатат

© Sputnik / Эркин АлымбековВизит Джона Керри в Кыргызстан
Визит Джона Керри в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым мамлекеттерге жардам берүү таптакыр токтотулса, кээсине көрсөтүлө турган жардамдын көлөмү кыскарат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстан менен бир катар мамлекеттерге көрсөтүлө турган финансылык жардамдын көлөмүн кыскартууну сунуштап жатканын Foreign Policy басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, аталган документ АКШ президенти Дональд Трамптын кароосуна жиберилген.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан убадалаган 100 млн. доллардын 41 миллиону гана бөлүнмөй болду
Мамдепартамент Европа, Евразия жана Борбордук Азиядагы 20 өлкөнү каржылоо аракеттерин 100 пайызга кыскартууну сунуштоодо. Аталган мамлекеттердин катарында Армения, Азербайжан. Белоруссия, Грузия, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстан бар.

Ал эми Молдова менен Тажикстанга жардам жарым-жартылай кыскарат. Бул тизмеге африкалык өлкөлөр да кирип калышы ыктымал. Мындай кадам менен АКШ бийлиги тышкы саясат жаатындагы бюджетти оптимизациялоого умтулуп жатканы айтылууда. 

Буга чейин АКШ администрациясы 16-мартка чейин конгресстин кароосуна 2018-жылга карата федералдык бюджеттин долбоорун сунуштай турганы белгиленген. Документте аскер жаатына бөлүнүүчү каражатты 54 миллиард долларга жеткирүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0