Кыргызстан менен Өзбекстандын туркомпаниялары 2 млн. долларга келишим түздү

Жазылуу
Кыргызстандын туризм тармагынын өкүлдөрү Өзбекстандагы көргөзмөдө кызматташуу тууралуу 200дөй келишимге кол коюуга жетишти.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын туристтик компаниялары кызматташуу боюнча жалпы баасы эки миллион долларга жеткен келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жаратылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан казак туризми үчүн өтө кооптуу. Казакстандык экономист менен маек
13-14-апрелде Кыргызстандын делегациясы бешинчи жолу өтүп жаткан "Эс алуу дүйнөсү" аттуу эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты. Ага №2 мамлекеттик резиденциянын, "Көгүлтүр Ысык-Көл", "Кыргыз деңизи", "Аврора Плюс", "Ысык-Көл Аврора" санаторийлеринин өкүлдөрү барды. Андан сырткары, "ДОС ТУР", "Каприз", Logos Travel, Osh Travel, Kyrgyz Pamir Tours жана башка туристтик компаниялар да аталган делегация курамында экени айтылды

Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалы тааныштырылып, Ысык-Көлдөгү мыкты пансионаттарга жолдомо ойнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0