Кыргызстандагы товарлардын сапаты августка чейин көтөрүлөт

Жазылуу
Жаңы техникалык регламент 12-августтан тарта күчүнө кирет.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Август айына чейин Кыргызстан өндүрүлгөн товарлардын сапатын ЕАЭБдин стандарттарына тууралашы керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн жыйында Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматов билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматов
Начальник управления технических регламентов и метрологии Минэкономики КР Султан Ахматов - Sputnik Кыргызстан
Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматов

Анын айтымында, 12-августтан тарта Кыргызстанда түрдүү товарлардын сапатына талаптарды койгон 18 техникалык регламент күчүнө кирет. Ахматов алар негизинен товарлардын коопсуздугуна багытталганын баса белгиледи.

Базар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапатсыз ун саткандарга 50 миң сом айып салуу демилгеси көтөрүлдү
Ошондой эле темир жол тармагынын инфраструктурасына, пиротехникага, балдар оюнчуктарына, лифттерге, жеңил өнөр жай товарларына, тамак-аш өндүрүшүнө, шире, май, эмеректерге, сүт, эт азыктары сыяктуу бир нече товарларга дагы техникалык талаптар күчөтүлөт.

ЕАЭБдин биринчи 16 техникалык регламенти Кыргызстанда былтыр февраль айынан тарта күчүнө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0